Кара -Талаа айылында дүкөнчү киндик эне аталды

10-октябрь күнү Кара-Талаа айылында дүкөндүн сатуучусу Тамара   Кариева жаңы төрөлгөн ымыркайдын киндигин кести. Кажы Сай айылында төрөт үйү жок болгондуктан, Балыкчы шаарына кетип бара жаткан Аида аттуу айым Кара-Талаа айылында көз жарды. Ымыркайдын киндигин кесүү үчүн дарыгерлер эс алууда болгондуктан дүкөнчү Тамара Кариевага кайрылышкан.image«Мен дүкөндө отурсам, кыздар чуркап келип, жардам сурашты. Ымыркайдын киндигин кесип, биринчи жардамды көрсөттүм, обработка кылдым. Мурда 20 жыл медсестра болуп иштегендиктен, жардамымды аяган жокмун. Анан доктурлар келип, абалын текшерип, Балыкчыга алып кетишти».Кубанычы койнуна батпай турган Аида айымдын эжеси, эне баланын абалы жакшы экендигин белгилейт:image«Биз Кажы Сайдан Балыкчыга алып бара жатканбыз Аиданы. Азыр абалы жакшы. Дүкөндө иштеген эже киндик энеси болду. Эне- баланын абалы жакшы, азыр ооруканага алып барабыз».Даярдагандар: Сейтек Мукашев                            Саламат Маратова «Улахол FM «жамааттык мультимедиа борбору

Запись опубликована в рубрике Uncategorized с метками , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *