Кара-Талаада бирдиктүү мектеп формасы кийилген жок.

Кара-Талаа айылында жаңы бирдиктүү форма толугу менен кийилген жок. imageӨткөн жылы министирлик 2015-2016-жылдары окуучуларга мектеп формасы милдеттүү түрдө кийгизилээрин белгилеп муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүрүлгөн эле. Жаңы форма ак, боз, ток кызыл өндөрүнөн куралып, галстугуна улуттук оймо «эн» белгиси бастырылган. Бул үлгүдөгү формага ата-энелер макул эместигин билдиришти.image«Мен негизи мурунку форманы эле туура көрөм. Кыздар үчүн: форма фартук, балдар үчүн: кара костюм, ак көйнөк. Мрунку эле форма жарашыгы бар жакшы форма болчу. Бирок азыркы тапта бирдиктүү формага талап коюп жатышат, анткени менен азыр көп балалуу үй-бүлөлөр, каражаты жетишпеген үй-бүлөлөр көп да».Гүлбарчын Тилекова Болот Алаков атындагы орто мектебинин президенти.image Ал бирдиктүү мектеп формасын колдоорун кабарчыбыз Кылымбек Кулукеев билип келди.»Бирдиктүү формага менин көз карашым түз. Анткени баардык мектептер бирдиктүү окшош форма кийсе жакшы болмок. Ошондой эле биздин мектеп бирдиктүү форманы толугу менен кийишкен жок. Бирок эмдиги жылдан баштап биздин мектеп да толугу менен өтөт деген терен ишеништемин».     Быйыл Болот Алаков орто мектеби белгилүү себептер менен бирдиктүү мектеп формасына толугу менен өткөн жок.  Бирок эмдиги жылдан баштап жаңы бирдиктуу мектеп формасына толугу менен өтмөй болушту.Даярдагандар:  Эркайым ЭриковаКылымбек Кулукеева  Сейтек Мукашев.                                            

Запись опубликована в рубрике Uncategorized с метками , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *