Кара-Талаа айылынын мектеп бакчасынан канча каражат түшөт?

Болот Алаков атындагы орто мектебинде ишемби күнү окуучулар жана мугалимдер менен бирдикте мектеп бакчасынын алмасы терилди.

image

Бул боюнча мектеп директору Сүйөрбек Кукеев  өз оюн билдирди.

image

«Биздин мектептин 15 чарчы метр жерде превосходный алмасы бар, жылда жакшы байлайт. Ал эми үстү жагында апорт алмалары бар. Ошондой эле биз эки-үч жылдан бери жаны көчөттөрдү тигип жатабыз. Анткени эски апорт алмалары чирий баштаганда кийинки балдардын  келечеги жакшы болсун деген максатта алмадан тушум алып мектептин чарбачылыгына жумшайлы деп жаш көчөттөрдү тигип жатабыз. Былтыр апорт алмасы 28000 сом болгон. Аны жалпы маданий иштерге, ремонт иштерине жумшадык».
Мектеп Манас балдар өспүрүмдөр уюмундагы маданият министри Кылымбек Кулукеев мектеп бакчасынын алмасынын терилиши боюнча өз оюн билдирди:

image

«Мектеп алмасын терүүдө мектеп окуучулар активдүү жогорку денгээлде катышышты. 5-класстан 11-класска чейин 14 класс катышышты.Окуучулар 3кө бөлүнүп теришти».

Болот Алаков мектебинин бакчасынын түшүмү мол болуп, каражаттары пайдалуу иштерге жумшалышына тилектешпиз.
Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова
Эркайым Эрикова.

Запись опубликована в рубрике Uncategorized с метками , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *