Ыр жазып жүрөк толгогон акын кыздар.

Тоң районундагы Т.Салыкбаев атындагы орто билим берүү мектебинде акын окуучу кыздар бар.Алардын бири 17 жаштагы Айдай Адылбекова:
-Мен 12жашымдан бери ыр жазам.Менин тай жактарым ырчы, обончу ,күүчү, ал эми менин үй-бүлөмдөн мен эле.Көбүнчө апам менен байкем алыста жүргөндүктөн,аларга арнап жана мекениме,классташтарыма арнап ыр жазам.Ыр жазуу мен үчүн жөн гана хобби.Ал эми келечекте актриса болгум келет.

Мындан тышкары Жанара Абдыжапарова дагы ыр жазат. Ал дагы өзүнүн хоббиси тууралуу айтып өттү:
-Мен 8-классымдан бери ыр жазам.Ырларым өзүмдүн тагдырымдан алынат,турмушумдагы окуяларды,көрүнүштөрдү чагылдырам.Бош убактым болгондо мекен,ата-эне,бир тууган,сүйүү жөнүндө ырларды жазам.Менин ырларымды Кыргыз тили жана Кыргыз адабияты сабактарынан берген мугалимдерим,биздин мектептин окуучулары окушат.Мындан тышкары китеп окуганды ,музыка укканды жакшы көрөм.Ал эми келечекте бухгалтер болгум келет.

Даярдагандар:Нуркыз Айдарбекова
Элзат Каирова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *