Кыргызстандын экономикасынын төмөн болушу бардык аймакка таасир тийгизет жана жумушсуздукту алып келет. Тоң районунун Кара-Талаа айылында жумушсуздуктун кесепетинен жаштар жашоо пайдубалын түптө максатында чет мамлекеттерге жумуш издеп кетүшүүдө.
Айылыбыздын жараны Элдос Кенжебаев чет өлкөдө иштөө боюнча өз оюн билдирет:
Кыргызстан менен башка мамлекетти салыштыруу негизинен кыйынга турат. Өз мамлекетибизге эч нерсе жетпейт.Кыргызстанда туруктуу жумуш орду жок болгондугуна байланыштуу миграциянын саны өстү. Бул жакка келгенибиздин себеби жашообузду түптөп, буттан туруп алуу максатын көздөдүк.
Бул өлкөнүн да өзгөчөлүктөрү көп мисалга алсак элдери башкача келет, тамак-аш, кийим-кече, күнүмдүк турмуш тиричилик бир кыйла кымбат. Бирок акча таап иштеп жаткан соң сатып алууга моюн сунасын. Өзгөчө айтып кетчү нерсе бул жакта аба ырайынын нымдуу болуусу,ар дайым жаанчылдыгы, күндүн аз тийүүсү мигрант болуп келгендер үчүн көнүп кетүүгө кыйындык жаратат.
Москвада иштеп келген Койчубаев Майрамбек төмөнкүлөргө токтолду: Башка өлкөдө болсоң да өз өлкөн кымбат болот. Чет мамлекетке барып иштеп келгиле деп айтаар элем, ал жакта айына жумуш акысы 45-50миң болот. Күчкө толуп турган кезде жумуш иштеп, максаттарынды орундатуу үчүн күрөшүү зарыл.
Даярдаган: Гулбарчын Тилекова
Жаштар арасында миграция күч алды.
Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками Жаштар арасында миграция күч алды. Добавьте в закладки постоянную ссылку.