Улахол айыл аймагынын Кара шаар айылында «Максат» мал чарбасында тѳѳ куштар багылып жатат.
Тѳѳ куштарды багып, пайда кѳрүү менен бирге туйшугун тартып келе жаткан жогоруда аталган мал чарбасынын жетекчиси Иманов Заирбек буларды айтат:
«Тѳѳ куштарды телевизордон кѳруп кызыгып журчубуз, Сокулукта багылып жатканын билип, биз жумурткаларын алып келдик. Жаз мезгилинде жумуртканы инкубаторго салып, аны чыгарып жатканда кыйналабыз. Кантип туура багабыз деген суроолор болот. Кунуно бир килограммдан жем жейт. Чопторду майдалап беребиз, капуста, сабизди жакшы жешет. Быйыл Кытайдан жаны инкубатор алып келгенбиз, азыр ошону уйронуп жатабыз.»
Алмагул Кенешбекова Заирбек мырзанын жубайы. Ал тѳѳ куштардын пайдалуу экендигин белгиледи: « Келечекте уй булобузго дагы пайдасы тиет деп ишенем. Анын бир жумурткасы 100 доллар турат. Анын салмагы 1,5-2 кг чейин болот. Андан тышкары мунун канаттары да абдан керек, мисалы, артисттер топуларына тагышат, ар бир канаты 1000 сомдон. Ар бир тѳѳ куш 3.500 доллардан алып келегенбиз. Бир жумурткасын бышырып жесек, 10-15 киши тоет экен. Озубуз да чарчап –чаалыгып турган убакта, тѳѳ куштарды карап, эс алып калабыз. Балдарыбыз да кызыгат».
Уулу Азиз келечекте тѳѳ куш багууну онуктуроорун жана ага кызыгаарын айтат.