Күрөш кыздардын кызыгуусун арттырууда

Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы окуучу кыздар дзюдо күрөшүнө кызыгып башташты. Буга чейин айылда кыздар күрөшүнүн кружогу жок болчу

.

      Кыздардын курошко кызыгуусу

Кыздардын машыктыруучусу Ырыс Молдошбек уулу 2 жылдан бери күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Быйыл ал кыздар үчүн дзюдо менен машыгууга шарт түздү. Бул тууралуу машыктыруучу буларга токтолду:

«Күрөшкө катышкан окуучуларымдын саны баш аягы 80. Дзюдо күрөшү сүннөткө жакын болгондуктан, кыздарга да ылайыктуу болгондуктан күрөштүн бул түрүнө кыздар да келип машыгышууда. Группада 5 улуу , 10 кичүү кыдар машыгышууда. Кыздар менен балдардын айырмасы чоң. Кыздар назик келишет. Ар кимдин өзүнүн шыгы болот эмеспи, арасында жакшы күрөшкөн кыздар бар. Көбүнчө кыздар тил алчаак, тартиптүү келишет экен. Кыздарыбыздын ата-энелери өздөрү алып келип катыштырышууда. Күрөштүн бул түрү бизге жаңы гана келсе да, аз да болсо жеңиштерди багындыруу боюнча алдыдабыз. Өз алдыбызча 5 айыл ичинде мини турнир өткөрдүк. Үч кызыбыз чемпион болушту».

5-классынын окуучусу Медина Рыскелдиева машыкканына 1 ай болгонуна карабастан, 5 айыл өкмөт ичинде өткөрүлгөн таймашта 2-орунга ээ болду.

«Кичине кезимден эле телевизордон аябай кызыгып көп көрчүмүн. Айылыбызда спорттун бул түрү жакшы өнүгө элегине байланыштуу барып машыкчу эмесмин. Азыркы убакта кыздарга көңүл бурулуп, мен бара баштадым. Айылдык клубда болуп өткөн мелдеште 2-орунду алдым. Машыктырган, уюштурган Ырыс агай менен Эркат агайларга ыраазычылык билдирем».

Машыктыруучунун айтымында, кружок 1 жумада 5 жолу өткөрүлөт. Дзюдо, самбо, джиуджитсу сыяктуу курөштүн түрлөрү менен машыгышат.

Даярдагандар: Адикова Айгерим,Тилекова Жаңылай

Мыкты макала сынагы үчүн

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *