Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы орто мектебинин 7-классынын кыздары бири түймө түйүп, экинчиси кагаз менен иштесе, үчүнчүсү шуруларга жан киргизет. Алардын бири Альбина Тилекбек кызы өз өнөрү тууралуу айтып берди :
«Мен шуруларды тизип алардан асемдүү шуру – шакектерди жасоону 2- классымда бөлөмдөн үйрөнгөм. Хоббимди калтырбай интернеттен да үйрөнүүнү уланттым. Азыркы убакта таажы, шуру –шакектерди, билериктерди жасоодомун. Жасалган иштеримди окуучу кыздарга, мугалимдерге сатам. Көбүнчө белекке да берем. Келечектеги пландарым жөнүндө айта кетсем, өзүмдүн чакан дүкөнүмдү ачып, кыздарга үйрөтүү».
Ал эми кагаздардан оригами жасаган окуучу кыз Адими Тынчтыкбек кызы:
«Мен эң биринчи бул өнөрдү эмгек сабагынан берген мугалимден уйрөнгөм. Андан соң интернеттен өздөштүрүп кеттим. Мен түстүү жана гофро кагаздардан гүлдөрдү композиция түзүп жасайм. Жасалган иштерим менен бир канча сынактарга, конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишкем. Келечекте жеке ишканамды ачып, кыздарга мастер класс өтүп, дизайнер болгум келет», — деп белгиледи.
Анжелика Сүйөрова болсо түймө түйүүчүлүк жана токуучулук менен алектенет:
«Негизи токуучулукка мурун кызыгып жүргөм. Кийин жеңемден үйрөндүм. Мен чыптама, башмактарды ,топуларды, дорожкаларды токуйм. Буюртма менен мугалимдерге, айыл тургундарына, окуучуларга сатам. Андан тышкары, мен бул өнөрдү өркүндөткүм келет.»
Кара – Талаа айылында окуучу кыздардын арасында жогорудагы 3 кыз гана эмес, дагы башка өнөрлөр менен алектенген кыздар бар. Алардын бири сайма сайса, экинчиси кийиз менен иштейт.
Даярдагандар: Адинай Кадырбекова, Нуркыз Айдарбек кызы