Кара-Талаа — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Улакол айыл аймагы курамына кирет.
Айылда 2 466 адам жашайт.
Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Балыкчы Каракол жолунун боюнда жайгашкан.
Кара-Талаа айылында жол боюнда өскөн теректер басымдуулук кылат. Айылда шамал көп болгондугуна байланыштуу, айыл үчүн көп жылдык теректерди отургузуу пайдалуу.
Айыл тургундары өстүргөн гүлдөр айыл ичин көрктөндүрүп турат.
Учурда айылда өрүк, алма,алмурут,алча бактары гүлдөп жатат.
Сүрөттөрдүн автору; Нурбол Аттокуров
Мыкты сүрөт баян сынагына