Кара-Талаа айылындагы Кудайменде паркында 30 карагай тигилди.
Мурда парктын ичинде Кудайменде атанын эстелиги менен отургучтардан башка бак-дарактар жана карагайлар жок болчу. Кара-Талаа айылынын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча адис жана айыл башчы Бекмырза Желдекеев бул ишти көзөмөлдөдү. Ал бул тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
«Айылыбызга 30 карагай Тоңдон алынып келинди. Бул 1,2,3 жаштагы карагайлар. Бул карагайларга Дуйшөнбек Мамытов жана айылдын жаштары кам көрүү милдетин алышкан. Буларды айыл өкмөт, жаштар менен спонсорлор каржылап беришти. Келечекте айылдын ичине дагы больницага, мечитке, айыл өкмөтүнүн алдына айыл өкмөттөн каражат бөлунсө тигилет».
Карагайларды отургузуу ишине мектептин 10-11-классынын окуучулары жардам беришкен. Аларды бири Айдай Узакова төмөнкүлөргө токтолду:
«Биз 10-11-класстын окуучулары кичи парктын айланасын тазалоого жана жашылдандырууга кол кабыш кылдык. Баарыбыз биргелешип, атайын шаймандар менен топурактарды гүл, карагайлар отургузуучу жерге төгүп, ал жердеги таштандыларды тазаладык. Бул жумуш биздин бир күнүбүздү алды. Айылыбызга карагайлар дагы отургузушарын уктук, биз дайым жардам берүүгө даярбыз. Буларды өстүрсөк өзүбүзгө пайда жана айылыбыздын көркү болот. Айылдан өткөн кишилерге жагымдуу маанай тарттуулайт».
Белгилей кетсек, Кудайменде атанын паркы 2017-жылдын аягында ачылган.
Даярдагандар: Жаңылай Тилекова,Айгерим Адикова