Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылынын тургуну Гүлзат Кеңешбекова кол өнөрчүлүк менен кошумча киреше таап алектенгендердин бири, ал 15 жылдан бери бул иш менен алектенет. Өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу мындай дейт:
«Мен кол өнөрчүлүк менен 2004-жылдан бери алектенип баштагам. Азыркы учурда курактарды, кыздардын себин жана жууркан төшөктөрдү жасап жатам. Элдер заказдарын беришет. Көбүнчө жер төшөк жасайм. Күн жылып жууркандардын түрү жасалат: жеңе жууркан, чоң жууркан, унаалардын сырткаптары, пардалар, отургучтарга төшөктөрдү жасап, заказ алам. Мен кышында материал алып курайм, кардарларым өзүлөрү келип заказдарын беришет. Башында эки кызым жардам беришчү, чоңоюп окууга тапшырып кеткендиктерине байланыштуу, өзүм эле жалгыз иштейм. Курактардын баасы ар кандай, кээ бирөөлөрү материалын өздөрү алып келишсе курагандын баасын алам, өзүмө материал чыкса дүкөндүн баасы менен сатам. Ал эми өзүм жер төшөктөрдү жасап өткөрөм. Жасаган жер төшөктөрдү башка жактарга дагы чыгарабыз. Мисалы Ош, Талас, Казакстанга чейин барат. Күзгө чейин жууркан кармайм, декабрь айынан жазга чейин жер төшөк, жаздыкча жасайм».
Айыл тургуну Сабира Токтоназарова кол өнөрчүлүк менен алектенген Гүлзат Кеңешбекова тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Азыркы учурда кол өнөрчүлүк менен алектенип киреше тапкандар көп. Ошолордун бири Гүлзат. Анын иштегени абдан жакшы. Кардарлары дагы көп. Жеке эле өзүнө пайда алып келбестен, айыл элине дагы пайдалуу. Кардарлар башка жактан издешпей, өзүбүздүн эле айылдан заказдарын беришип, керектүү буюмдарын жасатып алышат. Көбүнчө кыздардын себин жасаганга басым кылат. Мен дагы өзүмө керектүү нерселерди жасатып турам».
Гүлзат айымдын айтымында, келечекте бул иш менен дайыма алектенээрин белгилейт.
Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова, Нурай Табылдыева