«УлахолFM»жамааттык мультимедиа борбору ишке киришти

Улахол айыл аймагында жергиликтүү жанылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн  жамааттык мультимедиа борбору өз  ишин баштады.

image

Бул борборго Өнүктүрүү саясат институту тарабынан колго алынып жардам берилди.
«УлахолFM» жамааттык борборунун кординатору Медер Бейшеев борбордун иши тууралуу кабарчыбыз Эркайым Асанкановага айтып берген.

image

«Идея коптон бери ойлонуп жүрүп элге кандай туура, так маалымат берсек, элдин өкмөт ичип жеп, эч бир иш жүрбөй жатат деген сөздөрдөн арылуу үчүн  пайда болду.
Бул иш чараны Швейцария Өкмөтү тарабынан Улуу Британия Эл Аралык Өнүктүрүү Министрлиги менен өнөктөштүктө каржыланган «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.
Келечекте бул мультимедиа борбордун кадимки радио болуп айылыбыздын маалыматка  жетүү укугун коргоого пайдаланабыз.

image

«Улахол  FM» Жамааттык мультимедиа борборунда 3-апрелден 5-апрелге чейин  тренинг уюштурулду. Тренингдин максаты жөнүндө медиа тренер Айзада Калканбекова төмөндөгүлөргө токтолду:
» Тренингдин негизги максаты ыктыярчыларды кабарларды даярдоого жана монтаждоого, интервью техникасына, жергиликтүү жаңылыктарды интернетке жүктөөгө үйрөтүү жана координаторго башкаруу иши боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.»
Асылбек Баялиев мультимедиа борборуна кабарчы болууну каалайт.

image

Ал журналисттика тармагына кызыгаарын айтты:» Мен келечекте журналист болууну самайм, монтажга жана кабарлар менен иштөөгө кызыгам.»

      ZHMBachyldy

«Улахол FM» мультимедиа борбору айылдын өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишеничтебиз.
Даярдагандар: Эркайым Асанканова,
Гүлбарчын Тилекова.

Запись опубликована в рубрике Uncategorized. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

2 комментария на ««УлахолFM»жамааттык мультимедиа борбору ишке киришти»

  1. Kuban говорит:

    Азаматсыңар Эркайым жана Гүлбарчын! Окууларыңарга, иштериңерге ийгилик! Мыкты журналисттер чыгат силерден! Келечек өз колуңарда!

  2. Kuban говорит:

    Азаматсыңар Эркайым жана Гүлбарчын! Окууларыңарга, иштериңерге ийгилик! Мыкты журналисттер чыгат силерден! Келечек өз колуңарда!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *