Ысык-Көл облусунда күнөскана иштетилүүдө

Кара-Талаа айылынын тургуну Мааткеримов Дастан Алыкулович 30 жаштагы айыл тургуну айылга өзүнүн күчү менен күнөскана  курду. Курулган күнөскана айыл тургундарына келечекте витаминдүү жемиштер менен Балыкчы баасында камсыз кылат.

Күнөскананын ээси Мааткеримов Дастан Алыкулович бул тууралуу өз оюн билдирди;

«Күнөскана курууга бир жыл убакыт кетти, баасы 350 000 мин сомду түздү. Азыркы учурда теплицада 400 түп бадыраан жана 2 түп помидор отургузулду. Учурда айылга Балыкчынын баасында 100 сомдон сатылып жатат. Күнөскана жыл бою эки жолу түшүм алса болот. Кышында жана Жаз мезгилдеринде жана июль, январь айларында эс алат. Кышкысын 3 тонна көмүр сарпталат. Жылууту системасы күндүзү күн нуру менен болсо ал эми түндөсү 11 ден кийин от жагылат. Градусу 12ден түшпөсү керек. Күнөсканага өтө кылдаат маамиле кылынышы керек. Убагында суусун берип градусун түшүрбөй кармаш керек. Келечекте дагы бир күнөскана куруп биринде жалан помидор экинчисинде бадыраан айдасам деген ой бар.»

Даярдагандар:Үмүтай Аттокурова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *