Секом билим берүү борбору

Кара-Талаа айылында мугалимдер секом билим берүү борборуна барып окуп келишти. Иш чараны «Кумтөр оперейтинг»  компаниясы каржылады. Бул иш чарага жеке эле Кара-Талаа айылынын мугалимдери эмес, Тоң району боюнча мектептерден мугалимдер  барышты. Окуу 1 жумага созулуп, чейректик каникулдун убагында болуп өттү.  Бардык мүмкүнчүлүктөрү менен түзүлүп берилип окуу «Достук» мейманканасында болду. Буга чейин окуучулар барып окуп келишчү, ал эми азыр секом билим берүү мекемесинен билимин толуктап келген мугалимдер, окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдашууда. Бул окуучулар үчүн эң жакшы жеңилдик болуп эсептелет.

Секом билим берүү борборунан окуп келген химия мугалими Шаршеев Кабылбек төмөндөгүлөргө токтоло кетти;

«Биз биринчидер ЖРТнын тестине бардык. Бул тесттен көп жыйынтык чыгарууга болот. Окуучулардын же болбосо абитуриенддердин келечектеги кесибин кандай тандоо керек. Ошол кесипке карата кошумча сабактарды тандоо , экинчиси ата-энелердин тест боюнча түшүнүктөрү тайкы, ошондуктан ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Үчүнчүдөн окуучулардын айрыкча 10-11-класстардын окуучуларынын ЖРТ боюнча түшүнүктөрү аз, көңүл бурушпайт ошондуктан, бүтүрүүчү класттар менен тест деген эмне? Аны кандай аткарыш керек, канткенде жогорку максималдуу балга жетиш керек. Ушул суроолордун айланасында окуучулар менен түшүндүрүү иштерин жана практикалык текшерүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.  Сабактын учурунда байланыштырып, айкалыштырып өтсөк да болот, бирок айрым мугалимдерде негизги материалды жеткире албай калам деген коркунучтары бар. Ошондуктан сабак учурунда толук колдонулбай калат, негизгиси түштөн кийинки убакта, бул масалени толугу менен чечсе болот. Секомго баргандын эки максаты бар. Биринчиси уюмдун келген адамдарга же окуучуларга, жакшы сапаттуу билим берейин десе бул жакшы, ал эми экинчи максаты акча табуу эле болсо анда бул жыйынтык бербейт. Ошондуктан секомдун ткстти менен ЖРТнын тестинин ортосунда өтө чоң айырмачылык бар. Биз окуп келгенден кийин, окуучуларды убара кылбай, окуп келген мугалимдер өзүбүз эле бул программаны чечүүгө мүмкүнчүлүк бар.»

 

Болот Алаков орто мектебинин окуучусу Түмөнбаева Кымбат секом билим берүү борбору тууралуу өз оюн билдирди;

«Биз албетте 11-классты бүткөндөн кийин ЖРТдан жогорку бал алуу үчүн баарыбыз тең болгон күчүбүздү жумшап аракет кылабыз. Бирок үйдөн өз алдынча окубаган себептүү, кошумча сабактарга барып, мугалимдерден сабак алууга муктажбыз. Канча жылдан бери салттуу түрдө бүтүрүүчүлөр секомго барып билим алып келишчү. Былтыркы жылы тесттен биздин мектеп жана 3-4 мектеп пилоттук түрдө өткөрүлгөндүгүнө себептүү, мугалимдер барып келди. Акчанын баарын коротуп убакытты бекер өткөрүп, шаарга барып отурбай эле окуп келген мугалимдерден билим алган ыңгайлуу деп ойлойм.»

Биздин оюубузча окуучу окуюн деген ниетти биринчи орунга коюшу керек. Мына ошондо негизги тест боюнча ийгиликтүү жыйынтыктарга жете алабыз.

 

Даярдагандар: Аттокурова Үмүтай

Узакова Айдай

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *