Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдыгы болуп өттү.

Кара-Талаа айылында Кудайменде атанын 300 жылдык майрамдык мааракеси белгиленди.Кара-Талаа айылындагы жаштар паркына Кудайменде атанын эстелиги тургузулуп,эскерүү иш-чарасы болду,ага айыл тургундары жана атайын чакырылган коноктор катышты.

 

 

Майрам жогорку деңгээлде өткөрүлүп эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программада болуп өттү.Бул концертте ар кандай номерлер көрсөтүлүп элдин көңүлүн ачты.Бул салтанаттуу күндө боз үйлөр жайгашуучу жерде 100дөн ашык боз үй жасалгасы менен тигилип келген коноктор жогорку деңгээлде тосулду. Бул тойдун көркүн ачкан эстрада ырчылары жана манасчылар болду. Аларды аттарын атай кетсек:Урмат Усенов,Неля,Асел Кадырбекова,Акбар Сүйүнбаев,Замир Арыкбаев.

 

Жана дагы салтанаттуу күндүн алып баруучулары өзүбүздүн эле айылдын уул-кызы Нурлан Абдрахманов жана Назира Кадыева болду. Учурда БГУда окуп жаткан таланттуу байкебиз Эркинбеков Чынарбек жандуу үн менен майрамдын көркүн  ачты.

Кабарчыбыз Узакова Айдай айыл туругуну Керимкожоев Кусеин ата менен болгон маегинде төмөндөгүлөрдү айтып өттү;

«Кудайыменде Жаныбек уулу акылман,даанышман,кең пейил,боорукер адам болгон экен.Ал өз элине кайрымдуу, ынтымакты сактаган жана мыкты санжырачы да болгондугу айтылат.Ал өзүнүн балдарына да татыктуу тарбия берип,эки жакта окуткан.Ошол себептүү балдарынан да неберелеринен да акылдуу балдар коп чыккан.»

 

Даярдагандар; Узакова Айдай

Аттокурова Үмүтай

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *