Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү эс алуучу жайлар.

Ысык-Көл аймагы эң оболу санаторий-курорт, ден соолук чыңдоочу, тарыхий, рекреациялык жана тоо туризми менен кеңири белгилүү. Көлдүн жээгинде, бир мезгилде 30 миң эс алуучу адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар 128 санаторий-ден соолук чыңдоочу мекемелер жайгашкан.

Быйылкы жылы Ысык-Көл областында көлгө эс алганы келген туристтер күн сайын көбөйүүдө. Көбүн эсе көлдүн түштүк тарабында жайгашкан туздуу көлгө кызыгышат. Туздуу көлдүн суусу, баткагы көптөгөн ооруларга дарычылык касиети бар. Бул жерге жакынкы мамлекеттерден гана эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы эс алуучулар келишүүдө. Туздуу көлдөн сырткары «Бар Булак» минералдык ысык суу пансионаты бар. . Бар-Булак минералдуу суусу — дарылык касиети бар, жер астынан бургулап чыгарылган жылуу суу. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 45 кмчыгыш, Барбулак кыштагынан 2,5 км түндүк-чыгыш тарапта, Ысык-Көл жээгинен 600 м аралыкта, деңиз деңгээлинен 1653,53 м бийиктикте. Суу 1979-ж. бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереңдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоң кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палезойдун кумдук, алевролит тоотектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук жана алевролит тоотектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, температурасы 44°С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Химиялык курамы боюнча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88-90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Б. м. с. дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт жана ашказан ооруларын ичүү; нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0,216 миң м3.

Эс алуучулардын бири Казак атуулу Эсенбаева Жулдыз бул көл тууралуу маек куруп берди;

Мен Кыргызстанга ұй-бүлөөм менен 3жылдан бери келем. Бизге бул көлдүн дарычылык касиети абдан жакты. Кийинки жылы дагы келгенге аракет кылам.

Ушундай дарычылык касиети бар көлгө келип турууңуздарды сунуштайбыз.

Даярдагандар: Үмүтай Аттокурова

 

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *