Кара-Талаа айылында чакан кийим тигүүчү ишкана ачылды

Айыл тургуну Чыңгыз Алиевдин жардамы менен чакан кийим тигүүчү ишкана ачылып ишке киришүүдө.Азыркы учурда кийим тигүү бизнесине талапка караганда сунуштар өтө көп экендигин билебиз.Бул кийим тигүүчү цехтин максаты жеке эле кийимге болгон  бизнести өркүндөтүү эмес, айыл тургундарын дагы жумуш менен камсыз кылуу болмокчу.

imageHQ2OP5BV

imageZTGE6TM5

Бул чакан цехте иштеген жумушчулардын бири Абдылдаева Айнагүл кабарчыбыз Жаңылай Тилекова менен кененирээк маек куруп берди;

«Кийим тигүү менен иштеген оңой эмес.Майда-чүйдөсү өтө көп,ыгын таап кеткендер иштете беришет.Тигүү машиналарынын сырын билип алган жакшы,ийне-жибине чейин көзөмөлдөш керек болот.Азыр жумушчулар аз болсо дагы,биргелешип иштейбиз.Размерлерин алып тигип баштайбыз.Азыркы учурда жеңилирээк кофталарды тигип жатабыз.Бычып алып,аны тигип,оверлогдочу жерин оверлогдоп,баарын бүткөндөн кийин үтүктөп беребиз.Минус жактары дагы болбой койбойт.Машиналардын катуу үнү.Кээ бир жумушчулар кетип калышат , айрымдары жакшы тиге албай калгандары дагы болот.Жумушчулар саат 8ден баштап кечки 8ге чейин иштешет.Түшкү тамагын өзүлөрү даярдап беришет.Биз иштегенибизге жараша маяна алабыз. Батыраак тигип бүтсөк ошончолук бизге жакшы.»

image208AQI2F

 

Ал эми чакан цехти ачып жардамдашкан үй ээсисин Чалдыбаева Рахат төмөндөгүлөрдү айтып берди;

«Биз кийим тигүүчү машинкаларда атайын Бишкек шаарынан алып келип орноттук.Сапатына дагы карап, ошондой эле оверлогдорун дагы алып келип баардык техникалары менен камсыздадык.Азыркы учурда жеңилирээк кийимдер тигилүүдө.Тигилген кийимдер Россияга,Казакстанга жеткирилет.Цех ачуу акчаңыз болсо эле пайдасы дароо эле түшө калбайт.Бул соода сыяктуу эмес.Жабдыктардан тышкары эң мыкты жумушчулар ,буйрутмачылардын көп болгону , эң жакшы пайда алып келет деген ойдомун.»

Айыл тургундарын иш менен камсыздаган чакан ишканалар ачылып турса элге жакшы пайдасы тиет деген ойдобуз

 

Даярдагандар;Аттокурова Үмүтай

Жаңылай Тилекова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *