Алкоголь ичимдиктерин сатууну токтотуу демилгеси көтөрүлүүдө

Спирт ичимдиктеринин зыяны тууралуу коп эле адабий китептерде,илимий иштерде айтылып жазылып келет.Тилекке каршы,ичимдиктин даамын таткандан кийин ага баш оту менен кирип,чыгалбай аягы өкүнүч менен аяктаган фактылар көп.Ушундай жагымсыз,коомго терс көрүнүштөрдү токтотуу максатында айыл имамдары менен кошо айыл депутаттары спирт ичимдиктерин сатууну токтотуу боюнча демилге көтөрүшүүдө.Бул жеке эле Кара-Талаа айылында эмес коңшу айылдарда дагы сатууга тыюу салынды.

images

Кабарчыбыз Жаңылай Тилекова айыл имамдарынын спирт ичимдиктерине болгон оюн угуп келди;

“Алкоголь ичимдиктери шариятта да тыюу салынган арам ичимдик болуп эсептелинет.А биз бул арактын арам экенин билип турсак да,каалоо тилектерди айтып,жашы-карысы дебей айтоор көңүлүбүдүн көтөрүлүүсү үчүн же Ислам динине такыр тиешеси жок,майрамдардын шылтоосу менен ичип келе жаткан,кыргыз элимдин арасында бул нерселер кескин түрдө көбөйүп бара жатканы өкүдөрбөй койбойт.Аракты арам деп айтылып келе жатканына маани беришпейт.”

Кара-Талаа айылындагы үй-бүлөөлүк дарыгерлердин айтуусу боюнча;

“Спирт ичимдиктерин ичкеде адамдын организиминдеги ашказан,боор биринчи жабыркайт.Адамдын инсульт жана башка дарттар көп кездешет.Ичимдик ичкен сайын адамдын организиминдеги коргонуучу реауциялар иштеп турат.Кичинекей эле өлчөмдөгү ичилген арак ичимдиги мээдеги рефлексти жоготот.Ошондуктан ден-соолугубузга кичине болсо да кам көрүп жүрөлү деген ойлорун айтышты»

Ушундай демилгелер көтөрүлүп турса демекчибиз

Даярдагандар Жаңылай Тилекова Үмүтай Аттокурова

Запись опубликована в рубрике Без рубрики. Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *