Мектеп окуучуларынын тартиби катуу көзөмөлгө алынды

Азыркы учурда укук коргоочулар окуучуларга карата зордук-зомбулуктун формаларынын өзгөрүп баратканын белгилешүүдө.Ушуга байланыштуу Тон районундагы бардык мектептерде тарбиялык сааттар өтүлүп, окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Негизги темалар, суицид, өзүн-өзү өлүмгө кыйуу, рекетчиликтин көп козголушу. Ушуга окшогон жагымсыз окуяларды токтотууну көздөп Боконбаев мектебинин окуучуларынын катышуусунда тарбиялык мааниси бар кино тартылып, Тоң району боюнча баардык мектептерде көрсөтүлүп келүүдө.

Screenshot_2017-02-20-16-12-39-1[1]

Болот Алаков орто мектебинде ата-энелердин, мугалимдердин, жогорку класстын окуучуларынын катышуусунда чоң жыйналыш болуп өтүп, тасма көрсөтүлгөн.
Screenshot_2017-02-20-16-12-59-1[1]
Бул жыйналыш тууралуу Болот Алаков мектебинин химия мугалими Кабылбек Шаршеев өз оюн айтып өттү:
«Бул нерселердин болуп жатканынын себеби биринчи жагынан замандын экономикалык тартыштыгы,ал эми экинчи жагынан телефондун азгыруусу балдардын телефонго байланып калыш адаты, китепке көңүл бурбагандыктары, газета окуу артта калып ошондой эле телефондогу терс оюндардын натыйжасында балдар жаман жакка барышууда.
Screenshot_2017-02-20-16-11-12-1[1]
Окуучулар интернетти жакшы жакка пайдаланса, кошумча материалдарды алууга пайдаланса жакшы болмок эле.Тилекке каршы биздин балдар терс оюндарга азгырылууда,айрыкча шаардагы балдар. Ал эми айылда анчалык оор эмес. Мектепте класстык сааттар өтүлүп, сабактарда тарбиялык иштер алып барылышы керек. Мугалимдердин жетектөөсүдө окуучулар менен тегерек столдор өтүлсө жакшы таасирин тийгизет деп ойлойм.Мектептин администрациясы, соц.педагогу, экономика, тарых мугалими көбүрөөк көңүл буруп, окуучулар менен суроо-жооптор жүргүзүлүшү керек. Мугалимдер тарабынан атайын докладдар окулуп, практика менен коштолсо анан окуучуларга жеткиликтүү болот. Бир жагынан кинону көрсөтпөй койсо деле болот, ошону туурашы мүмкүн ошого балдар тез бурулуп кетет. Ага өзүлөрү кандай иш кылып жатканы менен өзүлөрүнүн отчетун бере алышпайт.Кайталанган тартип бузуулар болуп калса,балдарды туура жолго салышыбыз керек,ал эми аша чапкандар болсо органдык кызматкерлер иштеши керек»
Screenshot_2017-02-20-16-10-38-1[1]
Кара-Талаа айылынын тургуну Айнура Исакова
«Жыйналышта окуучулардын тартиби тууралуу жакшы нерселер айтылган, менин оюмча балдарга жакшы таасирин тийгизди деген ойдомун. Кино дагы көрсөтүлгөн. Мен өз уулдарымды дайыма көзөмөлдөп турам. Ушуга окшогон иш-чаралар көптөн болуп турса жакшы болот. Ар бир ата-эне мектеп менен тыгыз байланышта болуп, балдарынын оюн угуп турса жакшы жыйынтык берет.»
Белгилей кетсек, быйылкы жылдары эле Ысык-Көл областында жашы жетелектер арасында өлүмдөр козголгон. Мисалы, Балыкчы шаарындагы 16 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйгандыгы маалым.

(cүрөттөр интернеттен алынды)
Даярдагандар: Умутай Аттокурова, Сейтек Мукашев

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *