Кара-Талаа айылында кайрымдуулук концерти болуп өттү

Кара-Талаа айылында азиз балдар Аскар Жекишов жана Ислам Сыдыковго жардам берүү максатында ырчылар Нурзат Байзакова  Элмира Дүйшееванын коштоосунда «Жараткан жарыкты неге аядың?»  аттуу кайрымдуулук концерти болуп өттү.

20160430_104317

Балдардын атасы Жекишов Кылычбек кабарчыбыз Үмүтай Аттокуровага концерттин максаты тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

«Аскар, Ислам бул балдар  таланттуу, көптөгөн конкурс, фестивалдардын жеңүүчүсү болуп эсептелет.Бул концерттин максаты тарых жана маданият жылына байланыштуу балдардын чыгармачылыгын жогорулатуу максатында майып балдардын таланттын элге тартуулап тарбиялык маанисиндеги концертти элге тартуулап келе жатабыз. Элдер абдан жакшы кабыл алууда.Уюшулгандан бери балдар тогуз жашынан баштап көптөгөн конкурстарга катышып жүрүшөт. Гастролго чыккандан бери Талас, Жумгал райондорун кыдырып келишти. Азыр эми Тоң районун кыдырып келе жатабыз. Мындан ары Ысык-Көл районун кыдырабыз деген ойдомун».

20160430_095836

Болот Алаков атындагы орто мектебинин окуучу Эмилбек Уланов кайрымдуулук концерти боюнча өз оюн билдирди:

«Бул концерт абдан жакшы деңгээлде өттү, бардык окуучулар кызыгуу менен көрүшүп жакшы катышып беришти .Көзү азиз болсо дагы элге өз өнөрүн  тартуулашты . Мен бул балдардын талантына баа берем, булбулдай үндөрү өчпөсүн».

20160430_101703

Даярдагандар:  Жаңылай Тилекова

Үмүтай Аттокурова

 

Запись опубликована в рубрике Без рубрики с метками , , . Добавьте в закладки постоянную ссылку.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *