Нооруз майрамына арналган кече

   

20-мартта Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-класстарынын Нооруз майрамына арналган кечеси болуп өттү.

8-класстарынын класс жетекчиси Шаршеева Советкан эжей кече тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду;

«Окуучуларым кечеге кызуу  даярданышты. Аларга ыраазычылыгымды билдирем, эмгегимди акташты. Кыздар сабактан кийин калып даярданып жатты. Чын айтканда менден эч кандай жардам сурашкан жок. Толугу менен баардыгын өзүлөрү даярдашты. Ырларын да, бийлерин да жогорку деңгээлде даярдашты. Биздин кечени көргөндөр да абдан ыраазы болушту.»

Ал эми кеченин катышуучусу Гүлбарчын Калыбек кызынын айтуусу боюнча кече окуучулардын купулуна толду;

« Нооруз — бул кыргыздардын илгертеден келе жаткан майрамы. Бул  майрамда сүмөлөк бышырылат,улуттук оюндар ойнолот. «Нооруз» кыргызча  которгондо « жаңылануу » дегенди түшүндүрөт. Ал эми, өзүм боюнча айтсам менин ролум — алас айтуу жана  бийлерге катышуу болду. Классташтар менен аябай аракет кылып даярдаганыбыз көрүүчүлөргө жакты деген ойдомун.»

 

Даярдагандар;

Адинай Кадырбекова

Нуркыз Айдарбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

17 жаштагы жаш ашпозчу Айгерим

 Кара Талаа  айылынын 17 жаштагы тургуну Айгерим Адикова эң мыкты даамдарды жасайт. Анын колунан жасалган даамдарды жакындары тамшанып жешет.  Тамакты  мыкты жасаган Айгерим келечекте стилист кызматын аркалагысы келет.

 Тамак жасап тим болбостон окуучуларга бий  үйрөтөт. Мектепти аяктаган соң  бий ийримдерине  катышам деген ой- максаттары бар.  Бул жөнүндө каарманыбыз кыскача токтолуп кетти;

«Мен үйдө жалгыз кыз болгондуктан тамактарды түрлөп жасаганды үйрөндүм. Тамак жасоого эжем түрткү болду. Анын жанында жүрүп, көп нерсени үйрөндүм. Бош убактыларымда интернеттен көрүп жасоого аракет кылам. Ошондой эле ар кандай конкурстарда окуучуларга бий үйрөтөм».

Айгерим учурда 11-класстын окуучусу

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

Кол өнөрчүлүк менен киреше тапкан 23 жаштагы Айзада дүкөн ачууну пландоодо

Тоң районунун Кара-Таала айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн:

«Мен Нарын шаарында төрөлгөм. Мектепти 2013-жылы аяктагам, ошол учурдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кийин Кара-Талаа айылына келин болуп келдим. Кол өнөрчүлүктү апам менен таенемден үйрөнгөм. Көбүнчө байпактарды, башмактарды түйөм. Кичинекей балдардын топуларына, башмактарга буйрутма көбүрөөк түшөт. Азырынча айылдын ичинде сатып жатам, буйрутма бергендер көбөйүп жатат.

Тапкан кирешеме жиптердин түрүн алып коём. Апама барып же интернет аркылуу жаңы ыкмаларды үйрөнүп турам. Бардык буюмдарды айыл эли баалап сатып алышат. Тизеге чейин түйүлгөн байпактар 350 сомдон, тизеден ылдыйраактары 250, кыска башмактар 150, ал эми кичинекей балдардыкы 100, 150 сомдон сатылат. Бул иш аркылуу кошумча киреше таап жатам. Келечекте 3-4 жардамчы алып, өзүмө окшогон жаш келиндерге жардам берип, токулган буюмдарды сатуу үчүн чакан дүкөн ачууну пландап жатам»

Бакытбек кызы Айзада бир кыздын апасы.

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Ишкер Салкын Исмаилова

Тоң районунун Шор-Булак айылынын 46 жаштагы тургуну Салкын Исмаилова кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын Японияга чейин экспорттойт.

Өзүнүн айтымында, ал жылына 150 миң сомго чейин киреше табаарын айтты:

«Мен Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында төрөлгөм, кийин Шор-Булак айылына келин болдум. 2004-жылдан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенип баштадым. Аны айылдагы эжелерден эле үйрөндүм, таенем чебер киши болгондуктан да бул ишти бат эле өздөштүрүп кеттим. Үй-бүлөлүк бюджетке өз салымымды кошкум келгендиктен бул иш менен алектенип калдым.

Жүндөн түрдүү азем белектерди жасап, аларды жумушунун татаалдыгына жараша 150 сомдон 300 сомго чейин баалап сатам. Жасаган азем белектерди Японияга жөнөтөбүз. Өзүм «Бир айыл — бир продукт» ассоциациясынын мүчөсү болуп эмгектенем. Япониядан буйрутма түшкөндө биз жасап беребиз. Азем белектерди көбүнчө туристтер сатып алат. Бир айда 100гө чейин азем белек жасайм. Активдүү иштесем жылына 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин киреше табам. Эми үйдө бош отурган аялдардын баарын жумушка тартууну, үй-бүлөлүк бюджетти көбөйтүүнү пландам жатам. Эми жасаган азем белектерди бир гана Японияга эмес башка дагы өлкөлөргө сатууну максат кылып жатам»,

Ал эки уул, бир кыздын апасы.

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Жаны жылдык балмаскарад болуп өттү

Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы  жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классы айыл тургундарын  келе жаткан жаны жылы менен куттуктап 29-декабрь күнү жаңы жылдык кече өткөрүп беришти. Акыркы коштошуу кечеси болгондуктан мыкты деңгээлде коюшту. Кечеге айыл тургундарынан тышкары мугалимдер, ата-энелер жана 9-класстан жогорку класстын окуучулары катышып, бүтүп кеткен студенттерден дагы келишкен.

Кече ыр-бийлер жана интермедиялар, оюндар менен коштолуп, лотерея дагы ойнотулду.

11-классынын окуучусу Айгерим Адикова кече тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду;

«Биз бул жаңы жылдык кечеге жогорку деңгээлде даярданганбыз. Сахнаны жасалгалоого 500 шарик колдондук. Атайын клиптерди жасаганбыз.

 Айыл тургундарынын суранычы менен 31-декабрь күнү кайталап коюп берүүгө жетиштик. Бийге формаларыбызды окшош кылып тиктирдик. Кыска убакыттын ичинде башталгыч класста сабак берген мугалимибиз Токтошева Мээрим эжей бизге форма жагынан жардам берди. Кыздар дагы, балдар дагы жылдагылардан өзгөчөлөнүп окшош кийиндик. Бул күндөр биз үчүн эсте калаарлык болду. Баардыгына жакты деген ойдомун».

 

 Даярдаган; Үмүтай Аттокурова

 

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Класстар арасында балаты майрамы өткөрүлдү.

   Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы  жалпы орто билим берүү мектебинде 1-класстан 7-класстар арасында  жаңы жылдык балаты майрамы мыкты деңгээлде  өткөрүлдү .

 Окуучулар чыгармачылык аракеттери менен жылдагыга айырмаланып атайын сахналаштырып даярдашкан жомокторун коюп беришти. Мындан тышкары ыр-бийлер  менен коштолду . Айрым класстар формаларын өзгөчөлөнтүп окшош кылып тиктиришкен.

 

5-классынын класс жетекчиси Акылбекова Кундуз  буларды айтып берди;

«Жылда жаны жылдык балаты майрамы жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет. Окуучуларым менен жакшы даярдыкта балаты майрамын койдук. Ата-энелер тарабынан дагы жардам көрсөтүлдү. Окуучулар өз чеберчиликтерин  тартынбастан аткарып беришти. Бизде өзгөчө таланттуу балдар бар. Мен айткан тапшырмаларды окуучуларым өз убагында аткарып турушат. Жаңы нерселерди таап, өзгөчө номерлерди көрсөткөнгө аракет кылдык».

 Даярдаган; Үмүтай Аттокурова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Тоңдо уйлардын 65 пайызы идентификациялоодон өттү

Тоң районунда уйлардын 65 пайызы идентификациялоодон өттү.

Райондук ветеринария башкармалыгынын директорунун орун басары Нурбек Сагындыковдун айтымында;

«Тоң боюнча 35 миң 598 мал бар, анын ичинен 22 миң 567 уйга идентификациялоо жүргүзүлдү.Идентификация иштери 20-январга чейин бүтүшү керек. А, биз 31-декабрга чейин бүтүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Район боюнча 32 адис бар. Бирок жумуштун оордугуна байланыштуу кошумча 15 жумушчу алынды», —

Учурда малды идентификациялоодон өткөрүү үчүн ар бир уйга 70 сомдон акы алынууда.

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Кыргызстанга акыркы 5 жылдан бери фламинголор учуп келишүүдө

Кыргызстандын аймагына акыркы 5 жылдан бери фламинголор учуп келип жатат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын алдындагы лабораториянын жетекчиси Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, аталган куштар Борбордук Казакстанды байырлап, кээ бирде кышында Кыргызстанга учуп келишет.

«Алар көбүнчө Ысык-Көлгө учуп келишет. Бирок Чүй облусундагы көлдөрдө да кездешкен учурлар болгон. Адабияттагы маалыматка ылайык, өткөн кылымдын 50-60-жылдарында алар Кыргызстанда кыштаган. Андан кийин алар көптөгөн убакыт келбей калган. Бирок акыркы 5 жылдан бери фламинголор Кыргызстандын аймагына учуп келип жатат»,

А.Давлетбаков аталган куштар Кыргызстандын аймагында дайыма кыштап калышы үчүн тиешелүү шарттар жок экенин белгиледи. Куштардын жашоосу үчүн туздуу көл керек.

«Ысык-Көлдө ылайыктуу жаратылыш шарттары жок. Ал жерде куштар азык таба турган тайыз жерлер жок. Эгер андай жер болсо да ал жакта адамдар жашашат»

Кадимки фламинго Кыргызстандын кызыл китебине киргизилип, аны атууга тыюу салынган. Аталган кушту аткан адам 15 миң сом айып төлөйт.

Буга чейин фото сүрөтчү Иван Турковский Ысык-Көлдүн жээгинде кыштаган кызгылт фламинголорду сүрөткө тартып, социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган болчу. Анын айтымында, сүрөттөр декабрь айынын аягында тартылган.

Даярдаган: Гүлкайыр Табылдиева

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Драм куржок

Атанын тагдыры спектакли драм кружоктун жетекчиси Алтынкүл Молдосанова тарыбынан сунушталып, жакынкы арада коюлушу күтүлүүдө. Бул спектаклды коюу милдети 7-«а,б» класстарынын аткаруусунда болмокчу.

   Биз бул маалыматты тастыктоо үчүн ийримдин жетекчиси Алтынкүл эжейге кайрылдык:

«Мага бул ой келгенден бери кайсы класстын окуучуларын тандасам деп ойлондум.

Андан соң өзүм сабак берген жана жакшы тааныган 7- а б класстарын тандап алдым. Учурда 1 жумада 3 жолу даярданып, жакынкы арада коелу деп турабыз. Бул чыгармачыл топ эки класстан тандалып жалпы 11 окуучуну түздү».

 

Мугалимдин жакшы сөзүнө кубанып спектаклге катышчу Элнур Узакованын оюн уктум;

 

«Драм куржокту Алтынкүл Молдосанова жетектейт.Мен эжей жетектеген ийримде бир жылдан бери активдүү катышканга аракет кылам. Ал эми боло турчу спектаклдеги ролум Майраш. Мен бул куржоко киргенден бери өзүм билбеген таланттарымды ачып, эл алдына чыгуудагн коркпой калдым. Мен дагы ошол сыяктуу ийримдер көп болуп турушун каалайт элем.»

 

Буга чейин да Алтынкүл эжейдин даярдоосу менен көптөгөн спектаклдер коюлуп келген.

Мындан кийин да ушул сыяктуу драмалар жана жомоктор коюлаарын драм куржоктун жетекчиси баса белгиледи.

 

Даярдагандар; Айдай Узакова

        Үмүтай Аттокурова    

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Тоңдо изделип жаткан өспүрүм табылды

 Тоң районунунда изделип жаткан 13 жаштагы Сыймык Акылбек уулу , 21 декабрда Балыкчы шаарында табылды.

 Бул тууралуу  РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сыймык саат 17:00 чамасында табылып милиция кызматкерлери аны ата энесине өткөрүп беришти.

Анын апасы Кайыркүл Насированын айтымында, учурда уулунун ден-соолугу жакшы. Бирок ал башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Буга чейин маалымдалгандай Сыймык 18-декаабрь күнү 18;00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес.

Ал   2004-жылы   Кара-Талаа айылында төрөлгөн.

 

Даярдаган: Үмүтай Аттокурова

 

 

 

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий