Ыр жазып жүрөк толгогон акын кыздар.

Тоң районундагы Т.Салыкбаев атындагы орто билим берүү мектебинде акын окуучу кыздар бар.Алардын бири 17 жаштагы Айдай Адылбекова:
-Мен 12жашымдан бери ыр жазам.Менин тай жактарым ырчы, обончу ,күүчү, ал эми менин үй-бүлөмдөн мен эле.Көбүнчө апам менен байкем алыста жүргөндүктөн,аларга арнап жана мекениме,классташтарыма арнап ыр жазам.Ыр жазуу мен үчүн жөн гана хобби.Ал эми келечекте актриса болгум келет.

Мындан тышкары Жанара Абдыжапарова дагы ыр жазат. Ал дагы өзүнүн хоббиси тууралуу айтып өттү:
-Мен 8-классымдан бери ыр жазам.Ырларым өзүмдүн тагдырымдан алынат,турмушумдагы окуяларды,көрүнүштөрдү чагылдырам.Бош убактым болгондо мекен,ата-эне,бир тууган,сүйүү жөнүндө ырларды жазам.Менин ырларымды Кыргыз тили жана Кыргыз адабияты сабактарынан берген мугалимдерим,биздин мектептин окуучулары окушат.Мындан тышкары китеп окуганды ,музыка укканды жакшы көрөм.Ал эми келечекте бухгалтер болгум келет.

Даярдагандар:Нуркыз Айдарбекова
Элзат Каирова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Жаштар арасында миграция күч алды.

Кыргызстандын экономикасынын төмөн болушу бардык аймакка таасир тийгизет жана жумушсуздукту алып келет. Тоң районунун Кара-Талаа айылында жумушсуздуктун кесепетинен жаштар жашоо пайдубалын түптө максатында чет мамлекеттерге жумуш издеп кетүшүүдө.
Айылыбыздын жараны Элдос Кенжебаев чет өлкөдө иштөө боюнча өз оюн билдирет:
Кыргызстан менен башка мамлекетти салыштыруу негизинен кыйынга турат. Өз мамлекетибизге эч нерсе жетпейт.Кыргызстанда туруктуу жумуш орду жок болгондугуна байланыштуу миграциянын саны өстү. Бул жакка келгенибиздин себеби жашообузду түптөп, буттан туруп алуу максатын көздөдүк.
Бул өлкөнүн да өзгөчөлүктөрү көп мисалга алсак элдери башкача келет, тамак-аш, кийим-кече, күнүмдүк турмуш тиричилик бир кыйла кымбат. Бирок акча таап иштеп жаткан соң сатып алууга моюн сунасын. Өзгөчө айтып кетчү нерсе бул жакта аба ырайынын нымдуу болуусу,ар дайым жаанчылдыгы, күндүн аз тийүүсү мигрант болуп келгендер үчүн көнүп кетүүгө кыйындык жаратат.

Москвада иштеп келген Койчубаев Майрамбек төмөнкүлөргө токтолду: Башка өлкөдө болсоң да өз өлкөн кымбат болот. Чет мамлекетке барып иштеп келгиле деп айтаар элем, ал жакта айына жумуш акысы 45-50миң болот. Күчкө толуп турган кезде жумуш иштеп, максаттарынды орундатуу үчүн күрөшүү зарыл.

Даярдаган: Гулбарчын Тилекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Балыкчы шаарынын көрүнүшү

Рубрика: Без рубрики | Оставить комментарий

Мектепке жаңы жабдыктар келди

 Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы Болот Алаков атындагы мектепте жаңы керектүү каражаттар алынып колдонууга берилген. Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

Күрөш кыздардын кызыгуусун арттырууда

Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылындагы окуучу кыздар дзюдо күрөшүнө кызыгып башташты. Буга чейин айылда кыздар күрөшүнүн кружогу жок болчу

.

      Кыздардын курошко кызыгуусу

Кыздардын машыктыруучусу Ырыс Молдошбек уулу 2 жылдан бери күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Быйыл ал кыздар үчүн дзюдо менен машыгууга шарт түздү. Бул тууралуу машыктыруучу буларга токтолду:

«Күрөшкө катышкан окуучуларымдын саны баш аягы 80. Дзюдо күрөшү сүннөткө жакын болгондуктан, кыздарга да ылайыктуу болгондуктан күрөштүн бул түрүнө кыздар да келип машыгышууда. Группада 5 улуу , 10 кичүү кыдар машыгышууда. Кыздар менен балдардын айырмасы чоң. Кыздар назик келишет. Ар кимдин өзүнүн шыгы болот эмеспи, арасында жакшы күрөшкөн кыздар бар. Көбүнчө кыздар тил алчаак, тартиптүү келишет экен. Кыздарыбыздын ата-энелери өздөрү алып келип катыштырышууда. Күрөштүн бул түрү бизге жаңы гана келсе да, аз да болсо жеңиштерди багындыруу боюнча алдыдабыз. Өз алдыбызча 5 айыл ичинде мини турнир өткөрдүк. Үч кызыбыз чемпион болушту».

5-классынын окуучусу Медина Рыскелдиева машыкканына 1 ай болгонуна карабастан, 5 айыл өкмөт ичинде өткөрүлгөн таймашта 2-орунга ээ болду.

«Кичине кезимден эле телевизордон аябай кызыгып көп көрчүмүн. Айылыбызда спорттун бул түрү жакшы өнүгө элегине байланыштуу барып машыкчу эмесмин. Азыркы убакта кыздарга көңүл бурулуп, мен бара баштадым. Айылдык клубда болуп өткөн мелдеште 2-орунду алдым. Машыктырган, уюштурган Ырыс агай менен Эркат агайларга ыраазычылык билдирем».

Машыктыруучунун айтымында, кружок 1 жумада 5 жолу өткөрүлөт. Дзюдо, самбо, джиуджитсу сыяктуу курөштүн түрлөрү менен машыгышат.

Даярдагандар: Адикова Айгерим,Тилекова Жаңылай

Мыкты макала сынагы үчүн

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

Кара-Талаа айылынын кол өнөрчү кыздары

Кара-Талаа айылынын Болот Алаков атындагы орто мектебинин 7-классынын кыздары бири түймө түйүп, экинчиси кагаз менен иштесе, үчүнчүсү шуруларга жан киргизет. Алардын бири Альбина Тилекбек кызы өз өнөрү тууралуу айтып берди :

      Кара Талаа айылынын кол онорчу кыздары
Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

Кара-Талаа айылынын жазгы көрүнүшү

Кара-Талаа — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы айыл. Улакол айыл аймагы курамына кирет. Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , , | Оставить комментарий

Айыл ичиндеги паркка карагайлар отургузулду

Кара-Талаа айылындагы Кудайменде паркында 30 карагай тигилди.


Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий

Кол өнөрчүлүк менен алектенген Гүлзат Кеңешбекова

Ысык-Көл облусунун Кара-Талаа айылынын тургуну Гүлзат Кеңешбекова кол өнөрчүлүк менен кошумча киреше таап алектенгендердин бири, ал 15 жылдан бери  бул иш менен алектенет. Өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу мындай дейт:

Читать далее

Рубрика: Без рубрики | Метки: , | Оставить комментарий

   Нооруз майрамына арналган кече

   

20-мартта Болот Алаков атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 8-класстарынын Нооруз майрамына арналган кечеси болуп өттү.

8-класстарынын класс жетекчиси Шаршеева Советкан эжей кече тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду;

«Окуучуларым кечеге кызуу  даярданышты. Аларга ыраазычылыгымды билдирем, эмгегимди акташты. Кыздар сабактан кийин калып даярданып жатты. Чын айтканда менден эч кандай жардам сурашкан жок. Толугу менен баардыгын өзүлөрү даярдашты. Ырларын да, бийлерин да жогорку деңгээлде даярдашты. Биздин кечени көргөндөр да абдан ыраазы болушту.»

Ал эми кеченин катышуучусу Гүлбарчын Калыбек кызынын айтуусу боюнча кече окуучулардын купулуна толду;

« Нооруз — бул кыргыздардын илгертеден келе жаткан майрамы. Бул  майрамда сүмөлөк бышырылат,улуттук оюндар ойнолот. «Нооруз» кыргызча  которгондо « жаңылануу » дегенди түшүндүрөт. Ал эми, өзүм боюнча айтсам менин ролум — алас айтуу жана  бийлерге катышуу болду. Классташтар менен аябай аракет кылып даярдаганыбыз көрүүчүлөргө жакты деген ойдомун.»

 

Даярдагандар;

Адинай Кадырбекова

Нуркыз Айдарбекова

Рубрика: Без рубрики | Метки: | Оставить комментарий