Жүзүм-(Vitis) тукумундагы көп жылдык өсүмдүк катарын толуктайт. Эң биринчи жолу мындан 7 миң жыл мурун Орто Азияда, Кавказияда өстүрүлгөн, ал лиан сымал өсүмдүк. Ал абдан тараган, күчтүү тамыр системасына ээ. Анын бутактары 50-60 жыл, кээде 100 жылдан ашык жашайт. Кээ бир адабият булактарында 100 жылдан ашык жашайт деген маалыматтар бар. Жүзүмдүн 2 түрү кездешет: маданий жана жапайы. Ал эми лиана түрүндө оролуп, жерлерде жайылып өскөн жүзүмдөр жапайы түрлөргө кирет. Жүзүмдүн туруктуу бутагы жок, ага агротехникалык жолдор менен ар түрдүү формалар берилет. Жүзүм вегетативдик жана генеративдик органдардан турат.
Аймактарда 70 тей түрү таралган. Дүйнө жүзүндө жүзүмдүн 20 миңге жакын сорту белгилүү.
( 1-сүрөт жүзүм бакчасынын жакшы өрчүгөн бышуу мезгили)
Жузумду өстүрүүдөн мурун билип алчу жагдайлар.
Жүзүм негинен өтө туруктуу келген, кандай топурак болбосун тамыры ошого жараша өнүгүп өрчүгөн өсүмдүк. Кургак жер болсо тамыры 5-6 метрге чейин суу издеп ылдый кетет, топурактын асылдуулугу жакшы болсо анда туурасынан чырмала топуракка бекилип тамыры жайылат. Жер нык, катуу болсо тамыр системасы жайылбайт, өрчү системасы начар болот. Ошол үчүн жүзүм тоо арасында өстүрүүгө болот. Бирок көбүнчө сорттору мелүүн континенттик климатта жакшы өнүгүшөт. Өтө ысык эмес климатта кеч бышкан сортторду тандоо абзел. Тамырдын жакшы өнүгүп өрчүшү үчүн топурак борпоң, азык затка бай болушу керек. Ошондой эле эске ала кетчу нерсе жузум атмосферадан максималдуу түрдө канттуулугун чогулта алууга мүмкүнчүлүк болобу көңүл буруңуз.
( 2-сүрөт жаш бутактын жаңы тамырланышы)
Жүзүм ден-соолуктун чыңдоочу өсүмдүк.
Жүзүмдүн мөмөлөрүндө адамдын организмине эң керектүү калий, кальций, темир, фосфор жана башка элементтер белгилүү санда кездешет. Жүзүмдө мындан сырткары витаминдер да камтылган, ошону менен бирге эле С витаминине да бай келет.
Жүзүмдүн даарычылык касиети бул адамдын организмин чыңдоо жана анын ооруларга каршы туруктуулугун сактоо менен гана чектелбестен оору жуктуруучу организмдердин өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат. Ашыкча салмак кошууда, ички организмди тазалоодо өзгөчө маани ээ. Ошол үчүн жүзүм сатыкка чыкканда баасынын бир тепмпе кетүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Жүзүмдөн шарап жана ар кандай таттуу суусундуктарды жана кургатылган жер мейиздердин түрү жасалат. Кандуу көтөрүү үчүн керектүү темир камтылат. Бул баалуулуктары үчүн жүзүмгө болгон суроо-талап жогору болот.